Бактыбек Калмаматов УКМКга суракка чакырылганын билдирди

Бактыбек Калмаматов.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылганын билдирди. Бул тууралуу анын видеокайрылуусу социалдык түйүндөргө тарады.

Калмаматовдун белгилешинче, 22-декабрга караган түнү Сауд Арабиясына эки жумалык умра зыяратына баратканда чек арачылар ага өлкөдөн чыкканга болбой турганын, ушундай буйрук бар экенин айтышкан. Кийин ага атайын кызматтын эки өкүлү келип, "күбө катары суракка чакырылганы" тууралуу кагаз беришкен.

Муну өзүнүн конституциялык укугун бузуу деп баалаган Калмаматовдун кайсы иш боюнча суракка чакырылганы расмий айтыла элек.

"Азаттык" радиосу азырынча УКМКдан мунун чоо-жайын тактай алган жок.

Бийликти кескин сындап келаткан Бактыбек Калмаматов 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынын тизмесинде талапкер болгон. Аталган партия 5% чектен өткөн эмес.

Дагы караңыз

Кытай АКШга жооп кылып бир нече адамга санкция киргиздиБазар-Коргон: элди араздаштырган жер талашАтамбаевдин баш коргоо чарасы өзгөрдү, Акаевге жаңы айып тагылдыТүркияда лиранын наркы көтөрүлдүСот БШКнын өзгөргөн жобосун мыйзамсыз деп тапты