Президенттин маалыматтык саясат кызматын Алтынбек Жумаев жетектейт

Алтынбек Жумаев

Алтынбек Жумаев президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 28-декабрда президент Садыр Жапаров кол койду.

Мамлекет башчысынын башка буйругу менен Нурай Марс маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси кызматынан бошотулду. Ал бул кызматка ушул жылдын май айында дайындалган.

51 жаштагы Алтынбек Жумаев буга чейин бир нече телеканалдарда эмгектенген.

Быйыл жыл башында өткөн президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун үгүт кампаниясын жетектеген. Акыркы кезде Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси болуп иштеп жаткан. (JsA)

Дагы караңыз

Ооганстандан чыга албай жаткан казактарЖогорку сот "Альянс" партиясынан Жанарбек Акаевдин депутат болуусуна жол ачтыКүрөш федерациялары Махмудов менен Власовдун беттешин талкуулашты