Жалал-Абадда оорукананы тоногондор кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абаддагы облустук оорукананын эшигин бузуп кирип, ноутбуктарды, автоунаалардын документтерин, бензин, күйүүчү май алуучу таллондорду уурдаган үч жаран кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

"2022-жылдын 7-январга караган түнү облустук оорукананын администрациясынын эшигин белгисиз кылмышкерлер бузуп кирген. Ал жерден төрт ноутбук, термос, сейфтин ичинде турган 15 автоунаанын документтерин, 4670 литр бензиндин жана 2330 литр солярканын талондору уурдалганын оорукана жетекчиси милицияга кабарлап, арыз жазган", - деп билдирди аталган мекеме.

Окуя боюнча Криминалдык милиция кызматынын оперативдик кызматкерлери ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп, Жалал-Абад шаарынын үч тургуну кармалды. Алар ооруканадан уурдаган мүлктүн баарын кайра кайтарып беришкен.

Жалал-Абаддагы облустук клиникалык оорукана 595 орунга ылайыкташкан. (TB)

Дагы караңыз

“Акыркы сабак” - өспүрүм алдындагы тандооСоцфонд: Пенсия, жөлөк пулдарга 50 миллиард сомдон ашык каражат сарпталды Казакстан: Карим Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылдыЭл каттоо: Калем учу менен “жок” болуу же жасалма көбөйүүАКШ БУУну Түндүк Кореяга кошумча санкция киргизүүгө чакырды