Президенттин кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсү аяктады

Президент Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаровдун кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсү аяктады. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында жарыяланды.

Өлкө башчысы 10-январдан тартып кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыккан.

Президент Садыр Жапаров эмгек өргүүсүнө чыкканына байланыштуу 10-январда өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кезексиз онлайн сессиясына катышкан эмес. Президенттин ордуна Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышкан. (МТа)

Дагы караңыз

Таңкы Азаттык (3-чыгарылыш)"Тазалык" Кыргызстанда кураштырылган автоунаа сатып алат   Парламенттеги бийликчил күчтөр жана оппозицияТаңкы Азаттык (2-чыгарылыш)