Мектеп окуучулары үчүн программалоо боюнча BalaTech олимпиадасы өтөт

BalaTech программалоо олимпиадасы

Кыргызстанда 5-класстан 11-класска чейинки мектеп окуучулары компьютердик программалоону онлайн акысыз үйрөнүп, эл аралык Balatech олимпиадасына катыша алышат.

Олимпиаданы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы Жапон өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурууда. Алгач окуучулар 175 тапшырмадан турган 10 окуу модулун өздөштүрөт.

Тапшырмалар интернеттен виртуалдык түрдө берилет. Андан соң жыл сайын өтө турган программалоого багытталган билим жарышына жолдомо алышат. Ага Чыгыш Европа жана Борбордук Азия чөлкөмүнөн 50 миңден ашуун мектеп окуучусу катыша алат.

2022-жылдын 19-февралында онлайн форматта өтө турчу олимпиадага Армения, Азербайжан, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Украина жана башка орус тилдүү өлкөлөрдөн 5-11-класстардагы 50 000ге жакын мектеп окуучулары чакырылат.

Катталгандан кийин катышуучулар 175 бекер маселеге ээ болуп, аларды чечип, олимпиадага даярдана алат. Олимпиаданын жеңүүчүлөрү ноутбук, смартфон сыяктуу баалуу сыйлыктар менен сыйланат.

Дагы караңыз

Бишкектеги акцияда сөз эркиндигин коргоо талабы жаңырды Төкмө акындар нааразылыгын ыр менен билдиришти Иранда абакка кесилген британ жараны ачкачылык жарыялады"Назарбаевге сыйынуу Сталиндей эле ашкереленет"