Украинанын Днепр шаарындагы "Южмаш" машине куруу заводунда ок чыгаруудан беш киши каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги 27-январда кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, кыска мөөнөттүү кызмат өтөп жаткан Артемий Рябчук аттуу аскер өзүнүн тайпалаштарын АК-47 автоматы менен туш келди аткылап, окуя болгон жерден качып кеткен.
Мекеме аскерди кармоо боюна атайын операция өткөрүп, шектүүнү колго түшүрдү. Жоокердин мындай кылмышка барган себеби азырынча белгисиз. Тергөө уланууда.
Ок атуу учурунда беш киши мерт болуп, дагы беш адам оор жаракат алган.
"Южмаш" космостук кемелерди, ракеталарды жана ракеталык-жабдууларды да чыгарат. (ErN)
Дагы караңыз
Жаңы конуштарда миңден ашык мыйзамсыз турак жайга техпаспорт берилдиАк-Талаада чоң күрөшкө даярданган КалмираАлия Назарбаеванын "өнөктөштөрү" кармалды"Ата-Журт Кыргызстан" Ташиевдин мандатына байланыштуу чечим кабыл алдыҮйдө отуруп акча тапкан ГүлайымАт-Башыда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана курулуш компаниянын башчысы кармалды