Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Ат-Башыда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана курулуш компаниянын башчысы кармалды


Ат-Башы айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери жана «Авангард-Строй» курулуш компаниясынын жетекчиси кармалганын Улуттук кооопсуздук комитети (УКМК) 27-январда билдирди.

“Ат-Башы айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери үчүнчү жактын кызыкчылыгын көздөп, курулуш иштерин бүтүргөнү тууралуу тастыктоочу документтери жок эле, “Авангард-Строй” курулуш компаниясынын эсебине 20 миллион сомдон ашык каражатты негизсиз которгону аныкталды”, - деп айтылат атайын кызмат тараткан маалыматта.

Тиешелүү мамлекеттик органдардын корутундусуна ылайык, мамлекеттик казынага 13 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени кабарланды. Кармалгандар Нарын шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Шектүү тараптан комментарий боло элек. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG