Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:17

Бишкектеги кайра шайлоо: БШКга арыз бергендердин саны 60ка жетти


БШКнын имараты.
БШКнын имараты.

Бишкектин кайра шайлоо өтчү бир мандаттуу №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдарынан депутаттыкка талапкер болуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз тапшыргандардын саны 60ка жетти. Алардын дээрлик баары өзүн-өзү көрсөтүшкөн.

БШК алардын 18ин талапкер кылып каттады. Расмий катталгандардын аты-жөнү Боршайкомдун расмий сайтына жарыяланды. Соңку күндөрү арыз тапшыргандардын арасында Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты Исхак Масалиев, саясат таануучу Табылды Акеров, экс-депутат Евгения Строкова жана башкалар бар.

Ал ортодо Боршайком 27-февралга дайындалган кайра шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздарды кабыл алуу 2022-жылдын 27-январында, саат 18.00дө аяктаарын эскертти.

Бул эки округда 2021-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “баарына каршы” деген добуштар көп болгондуктан, быйыл 27-февралга кайра шайлоо дайындалган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG