Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Журналисттерди коргоо комитети Болот Темировдун ишин акыйкат иликтөөгө чакырды


Иликтөөчү журналист Болот Темиров.
Иликтөөчү журналист Болот Темиров.

Журналисттерди коргоо комитети (Committee to Protect Journalists) иликтөөчү журналист Болот Темировдун ишине байланыштуу билдирүү таратты. Анда кыргыз бийлиги журналистке баңгизатын таштоо фактысын тез арада жана калыс иликтеп, анын командасынын экрин иштөө укугун камсыздоосу керектиги айтылат.

"Кыргызстандык журналист Болот Темировго мамлекеттик жогорку кызматтагы адамга байланышкан журналисттик иликтөөсүн жарыялагандан бир нече күн өткөндөн кийин “баңгизатын сактоо” боюнча шектүү айып коюлуп жатканы, анын иши үчүн өч алуу сыяктуу көрүнөт", - дейт уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча программасынын координатору Гүлноза Саид.

Буга чейин Норвегиянын Хелсинки комитети кыргыз бийлигин Темировду тинтүү маалында "ага атайылап маңзат ташталган" деген маалыматты тыкыр иликтөөгө чакырган.

22-январдын кечинде Temirov LIVE деп аталган YouTube каналынын негиздөөчүсү, журналист Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция кармап кеткен. ИИМдин маалыматына караганда, баңгизатка байланыштуу кылмыш иши козголуп, экөө тең шектүү катары өткөн. Журналисттер, активисттер жана акындар 23-январда чогулуп, аларды бошотуу талабын койгондон кийин экөө тең үй камагына чыкты.

Андан кийин Темиров жана анын командасында иштегендердин жеке жашоосу тууралуу автору белгисиз видеолор тараган. Коомчулукта аны "адамдын жеке жашоосуна кийлигишүү", "ыплас ыкма", "журналисттерди коркутуу" деген сындар айтылган. Бул видеолордун артында атайын кызмат, укук коргоо органдары турат деген да пикирлер бар.

УКМК бул видеолорго тиешеси жок экенин 26-январда билдирди. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG