Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:57

Батыш дипломаттары талибдерге олуттуу талап койгону айтылды


Ослодогу жолугушуу. 24-январь, 2022-жыл
Ослодогу жолугушуу. 24-январь, 2022-жыл

Батыш дипломаттары Ослодогу сүйлөшүүлөрдө Ооганстанга гуманитардык жардам берүү маселеси өлкөдөгү адам укуктарынын абалына байланыштуу болорун эскертишти. Талибдердин 15 кишиден турган делегациясы согушкер кыймыл (Кыргызстанда тыюу салынган) Кабулдагы бийликти басып алгандан бери алгачкы жолу, 23-январда Европага расмий сапар менен барган.

Норвегиянын Мамлекеттик катчысы Хенрик Тюн шейшембидеги жолугушуунун алдында жергиликтүү NTB маалымат агенттиги менен маегинде Батыш дипломаттары "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган) өкүлдөрүнө "олуттуу талаптарды" кое турганын билдирген.

Ошол эле маалда Норвегиянын тышкы иштер министри Анникен Хуитфелдт бул сапар "Талибанды" таанууга же легитимдештирүүгө жатпасын 21-январда белгиледи.

Талибдер бийликке кайтып келгенден бери өлкөдөгү гуманитардык абал күн санап начарлап жатат. Эл аралык жардам берүү жараяны токтоп турат. “Талибан” Ослодогу сүйлөшүүлөрдө финансылык жардам, алардын бийлигин таанууну сурай турганы күтүлгөн. Бир да өлкө Ооганстандын жаңы башкаруучуларын тааный элек.

Укук коргоочулар талибдердин тушунда көптөгөн мыйзам бузуулар, өзгөчө аялдардын билим алуусуна, иштөөсүнө, саясий, социалдык турмушка катышуусуна тыюу салууну, азчылыктардын укуктарынын бузулушун сындап келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG