Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

Түмөнбаев президентти кадр тандоого туура мамиле жасоого чакырды


Акылбек Түмөнбаев.
Акылбек Түмөнбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев президент Садыр Жапаровго кайрылып, кадр тандоого кылдат мамиле кылууга чакырды.

"Жаңы түзүлгөн башкаруу системасына ылайык, президенттин жоопкерчилиги жана милдеттери чоң. Саясатыңызды иш жүзүнө ашырууда, кадр тандоодо өтө кылдат мамиле кылууңуз керектигин белгилейм. Азыркы күндө сизди жандап резюме көтөрүп, кошомат кылган ар бир адамга өтө кылдаттык менен мамиле кылууга чакырам. Буга чейинки башчыларды сазга батыргандар азыр дагы сиздин жаныңызда айланчыктап жүргөнүн коомчулук сөз кылууда. Бул сынды сиз душмандык эмес, достун күйүп айткан сыны катары кабыл аласыз деген үмүттөмүн", - деди Түмөнбаев.

Эл өкүлү мамлекет башчы жүргүзүп жаткан саясаты менен реформасын колдой турганын, айрым саясий маселелерде көз карашы туура келбей турганын жана керек учурда ачык сындай турганын белгиледи.

49 жаштагы Акылбек Түмөнбаев №35 Түп шайлоо округунан депутаттыкка шайланып келген. Ал президент Садыр Жапаровдун кудасы экени буга чейин айтылган.

Анын бир тууганы Турусбек Түмөнбаев Садыр Жапаровдун буйругу менен "Унаа" мамлекеттик ишканасына жетекчи болуп дайындалып, тендер чырынан кийин кызматтан бошотулган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG