Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:51

Стамбул - Бишкек авиакаттамы дагы жылдырылды


Түркияда бороон-чапкын жана калың кардын жаашы тууралуу шашылыш эскертүүдөн улам "Түрк аба жолдору" (THY) менен Pegasus авиакомпаниясы Стамбул - Бишкек багытындагы бир катар каттамдарды жылдырышты. Бул тууралуу 26-январда Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу билдирди.

Учурда авиакомпаниялар жүргүнчүлөргө тамак-аш жана убактылуу жайгашууну уюштуруп жатат. Расмий маалыматка ылайык, аба ырайы калыбына келгенде каттамдар жанданып, жүргүнчүлөр учак билеттер менен камсыз кылынаары маалымдалды.

Башкы консулдуктун кызматкерлери Стамбул эл аралык аэропортундагы Кыргызстандын жарандарына мүмкүнчүлүккө жараша жардамдашып, зарыл маалыматтар менен камсыздап жатат.

24-январдан бери калың жааган кардан улам учактар токтотулуп, уча албай калган миңдеген жүргүнчү аэропортто түнөгөн.

Дүйшөмбүдө Бишкек - Стамбул каттамы менен учуп барган "Түрк аба жолдору" авиакомпанясынын учагы Түркиянын Самсун шаарына конгону белгилүү болгон.

Соңку күндөрү Түркиянын айрым аймактарында калың жааган кардан улам өрөөндөрдү байланыштырган жолдор жабылып, учак рейстери токтотулган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG