Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:02

Мадумаров адам укуктары маселесин талкуулоону сунуштады


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан депутат Адахан Мадумаров адам укуктары, маалыматтык коопсуздук маселесин парламентте кеңири талкуулоону сунуштады. Бүгүн, 26-январдагы жыйында эл өкүлү журналист, коомдук ишмер жана активисттердин маселесин көтөрдү.

"Февралдагы календарлык планга өлкөдөгү эң орчундуу болуп жаткан адам укуктары маселесине байланыштуу жагдайды киргизиш керек. Журналисттердин, коомдук ишмер, жарандык активисттердин үстүнөн болуп жаткан маселе боюнча. Маалыматтык коопсуздук маселесин дагы ушуга киргизиш керек. Социалдык тармактарда ар кандай чектен чыгып кеткендиктер жөнүндө айтып жатам. Кыргызстанда адам укуктарын сактоо абалы жөнүндө деп киргизип, талкууласак көп суроолорго жооп тапкан болобуз", - деди Мадумаров.

Кыргызстанда иликтөөчү журналист Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция 22-январдын кечинде кармап кеткен. Журналисттер, активисттер жана акындар 23-январда чогулуп, аларды бошотуу талабын коюшкандан кийин экөө үй камагына чыккан.

Ички иштер министрлиги аларды баңгизат саткан жана маңзатты мыйзамсыз даярдаган деп айыптап жатат. Журналист менен акын коюлган айыптарды четке какты. Temirov LIVE редакциясы Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев тууралуу атайын иликтөө жарыялаган эле. Ташиев иликтөөдө айтылгандардын бардыгын четке каккан.

Көп өтпөй Болот Темиров жана төкмө акын Болот Назаров тууралуу социалдык тармакта жашыруун жаздырылган аудио, видеолор тарап жатат. Аты-жөнү шектүү аккаунттар аркылуу таратылып жаткан тасмалар жашыруун жаздырылганын байкоого болот. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG