Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:14

Депутаттар парламенттин аброю боюнча маселе козгошту


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин 26-январдагы жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Идрис Кадыркуловдун элчи болуп дайындалышы парламенттин аброюна шек келтирип жатканы айтылды.

Бул маселеге депутаттар Нурланбек Шакиев, Айбек Осмонов, Балбак Түлөбаев, Адахан Мадумаров жана Жанар Акаев токтолуп, бийлик бутактарын кагыштырууга кызыкдар тараптар бар деген пикирлер дагы айтылды.

Эл өкүлү Айбек Осмонов талкуу болуп, колдоо таппаган талапкердин дайындалышын сындады.

"Дүйшөмбү күнү комитет Украинанын элчилигине талапкерди карадык. Ал колдоо тапкан жок. Бирок аны бекитип коюшту. Бул бир аз туура эмес болуп калды. Мындай болсо Тышкы иштер министрлиги парламентке алып келбей эле ишин кыла бербейби. Талкуу болуп, колдоо таппаган талапкер дайындалып жатат", - деген оюн айтты.

Президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов Баш мыйзамдын нормаларына ылайык, Кыргызстандын элчилерин, чет өлкөдөгү өкүлдөрүн президент дайындап, чакыртып ала турганын айтып, элчи ошол себептүү дайындалганын айтты.

Депутат Нурлан Шакиев бул дайындоо парламенттин аброюна сөз тийгизгенин айтты. "Парламент бирди, президент бирди айтып жатат деп коомчулук түшүнбөй жатат. Президент парламентти укпайт деген талкуулар болуп жатат. Бул жерде ТИМдин дагы жоопкерчилигин караш керек", - деди Шакиев.

Эл өкүлү Балбак Түлөбаев "бийлик менен оппозицияны, парламент менен президенттин ортосуна от салган күчтөр барбы?" деген пикирин айтса, Мадумаров элчилик кызматка дайындалган адамдар дыкат тандалышы керектигин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров 25-январда Кадыркуловду Кыргызстандын Украинадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кылып дайындаган. Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 24-январдагы жыйынында депутаттар анын талапкерлигин колдогон эмес. Депутаттар Кадыркуловдун УКМК жетекчилигинен кеткен себебин, атайын кызматты жетектеп тургандагы аракеттерин сынга алган.

УКМКны 2018-жылдын апрель айынан 2019-жылдын майына чейин жетектеген Идрис Кадыркулов Кыргызстандын электрондук паспортуна бланктарды сатып алуу боюнча тендер чырынан кийин кызматын тапшырган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG