Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:37

Депутат Шакиев: Болот Темировдун коопсуздугун мамлекет камсыздашы керек


Болот Темиров.
Болот Темиров.

Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Шакиев иликтөөчү журналист Болот Темировдун коопсуздугун мамлекет камсыздашы керектигин 25-январда “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүнө катышкан учурда билдирди.

“Азыркыдай учурда мамлекет иликтөөчү журналист Болот Темировдун жеке коопсуздугун толугу менен камсыздоону, коргоону колго алышы керек. Ушундай абал жаралган учурда журналист чалынып жыгылып кетсе да бийлик күнөөлүү болуп калбашы керек”, - деди ал.

Депутат журналист Болот Темиров жана төкмө акын Болот Назаровдун айланасындагы акыркы окуялар боюнча иликтөөлөр аягына чыгышы керектигин белгиледи.

Кыргызстанда иликтөөчү журналист Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция 22-январдын кечинде кармап кеткен. Журналисттер, активисттер жана акындар 23-январда чогулуп, аларды бошотуу талабын коюшкандан кийин экөө үй камагына чыккан.

Ички иштер министрлиги аларды баңгизат саткан жана маңзатты мыйзамсыз даярдаган деп айыптап жатат. Журналист менен акын коюлган айыптарды четке какты. Temirov LIVE редакциясы Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев тууралуу атайын иликтөө жарыялаган эле. Ташиев иликтөөдө айтылгандардын бардыгын четке каккан. (JsA)

Журналист менен акындын кармалышы сөз эркиндигине басымбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:48:55 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG