Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:27

"Бишкек" эркин экономикалык аймагында алтынды мыйзамсыз бөлүп алуу иштери жүргөн


«Бишкек» эркин экономикалык аймагында жеке фирма уруксаты жок уулуу заттарды колдонуу менен техникалык жана экологиялык талаптарды бузуп, бир топ убакыттан бери тоо тектен алтын бөлүп алуу менен алектенип келгенин Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай баалуу металлдарды камтыган кендерди кайра иштетүү боюнча мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү фактысы Башкы прокуратура жана Бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан аныкталган.

Аталган учур боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен иш козголуп, тергөө амалдары башталган.(JsA)

XS
SM
MD
LG