Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

БШК мүчөсү Акылбек Эшимов кызматтан кетүү тууралуу арызын кайтарып алды


Акылбек Эшимов.
Акылбек Эшимов.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Акылбек Эшимов кызматтан кетүү боюнча арызын кайтарып алды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январдагы парламент жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров билдирди. Жогорку Кеңеш ушул күнү Эшимовду ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселесин карамак.

"Анын (Эшимов - ред.) арызды кайра чакыртып алуу боюнча дагы арызы келип, катталып кайра комитетке жөнөтүлдү. Бул маселени Боршайкомдун мүчөсүнүн катышуусу менен комитетте дагы бир сыйра карап туруп, анан алып чыкса жакшы болот эле. Аны эч ким күнөөлүү деп тапкан жок, шектүү катары каралып жатат. Ал кандай абалда жазды ал арызды, ал дагы чоң маселе. Жогорку Кеңеш анын макулдугу менен гана иштен бошото алабыз, болбосо жок", - деди Бакиров.

БШК мүчөсү Акылбек Эшимов Кылмыш кодексинин 204-беренеси ("Ири өлчөмдөгү алдамчылык") менен шек саналып кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 11-сентябрда маалымдаган. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Эшимовго каршы арыз түшкөн, кайрылган адам БШКнын мүчөсү "Кыргызстан" саясий партиясынын лидери менен кошо 550 000 доллар алганын билдирген. Акча 2020-жылы, июнь айында парламенттик шайлоого катышуучу партиялык тизмеде алдыңкы беш орундун ичине кошуу убадасы менен алынганы, ал сөз ишке ашпай калгандан кийин анын 300 миң доллары гана ээсине кайтарылганы белгиленген. Бишкектин Биринчи май райондук соту БШКнын мүчөсүн эки айга УКМКнын тергөө абагына камоого чечим чыгарган.

Кийин Борбордук шайлоо комиссиясы Акылбек Эшимовдун кармалышына байланыштуу билдирүү жасап, БШК мүчөлөрү партиялардын талапкерлерин сунуштай албай турганын, аталган мекеме саясий уюмдардын мындай иштерине киришүүгө укугу жок экенин жарыялаган.

Декабрь айында Акылбек Эшимов кызматтан кетүү боюнча арыз тапшырганы парламентте айтылган. Ошол кездеги спикердин милдетин аткаруучу Аида Касымалиева комитетке БШКнын мүчөлүгүнө жаңы талапкер боюнча сунуш келип түшкөнүн, эки маселе чогуу карала турганын билдирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG