Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Онищенко: Вакцина заводун салууга кыргыз бийлиги кызыккан жок


Орусияда чыккан "Спутник лайт" вакцинасы.
Орусияда чыккан "Спутник лайт" вакцинасы.

Орусиянын "Роспотребнадзор" мекемесинин мурдагы жетекчиси, Илимдер академиясынын академиги Геннадий Онищенко Кыргызстанда COVID-19га каршы вакцина чыгаруучу завод куруу боюнча кыргыз бийлиги "демилге көтөргөн жок" деп билдирди.

Ал 26-январдагы видеомаекте Орусиядагы акыркы учурдагы эпидемиологиялык кырдаал тууралуу суроолорго жооп берип жатып, "Спутник-Кыргызстан" агенттигинин завод тууралуу суроосуна жооп берди.

"Силер тараптан эч кандай демилге болгон жок. Заводду ачып, Кыргызстан Борбор Азияга вакцина тарата алмак. Биздин президент деле колдогон, Орусия бардык документтерди берүүгө даяр, бирок силердин бийликтен сунуш-пикир болгон жок. Жарым-жартылай каржылап, өздөрү да курууга катышуусу керек да. Орусия эми заводун таңууламак беле?", - деди Онищенко.

2020-жылы орусиялык технология менен Кыргызстанда вакцина чыгарган завод куруу тууралуу айтылган.

Азыркы тапта өлкөдө Европа, Кытай жана Орусиянын вакциналары менен калкты коронавируска каршы жапырт эмдөө жүрүп жатат. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG