Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:53

Укук коргоочулар Ооганстанда ЛГБТ жамааты коркунучта экенин жарыялашты


"Талибан" кыймылынын (Кыргызстанда тыюу салынган) согушкерлери. Кабул шаары. 30-декабрь, 2021-жыл
"Талибан" кыймылынын (Кыргызстанда тыюу салынган) согушкерлери. Кабул шаары. 30-декабрь, 2021-жыл

Укук коргоочу уюмдар "Талибан" кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) Ооганстандагы бийликти кайрадан басып алгандан бери ЛГБТ жамааты чоң коркунучка кептелгенин билдиришүүдө.

Human Rights Watch жана OutRight Action International уюмдары 26-январда биргелешкен баяндамада ЛГБТ өкүлдөрү жашырынып жүрүүгө аргасыз экени, өлкөдөгү экономикалык абалды эске алганда алар ачарчылыкка туш болгону айтылат.

Сөз болгон уюмдар былтыр октябрдан декабрга чейин 60 чакты оогандык кумса, трансгендерлерди, бисексуалдарды сурамжылаган. Көбү Ооганстандын өзүндө жашап жүргөндөр. Башкалары кошуна өлкөлөргө качканы менен экстрадициядан чочулап жүрүшөт. Бир ууч адам гана коопсуз өлкөлөрдө башкалкалоого жетишкени айтылды.

Сурамжылоого тартылгандар талибдер жана аларга жан тарткандар ЛГБТ өкүлдөрүн такай бутага алып келгенин, жумуштан кетүүгө мажбурлашканын, үйлөрүндө жашырынып отурууга туура келгенин билдиришкен.

"Талибан" башкара баштаган 2021-жылдын августунан бери Ооганстанда адам укуктарынын абалы кескин начарлаган. Өзгөчө кыз-келиндер, азчылыктар жабыркап келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG