Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:25

Абактагы Атамбаев Казакстандагы окуялар тууралуу пикирин билдирди


Алмазбек Атамбаевдин каты.
Алмазбек Атамбаевдин каты.

Камакта олтурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Казакстандагы акыркы окуяларга боюнча пикирин билдирди.

Ал өз катында Казакстандагы оппозиционер Мухтар Аблязов менен эч качан жолукпаганын, сүйлөшпөгөнүн белгилеп, 2016-жылдан кийин Нурсултан Назарбаев менен да мамилеси начарлап кеткенин жазган.

"Казакстандагы толкундоолорду кайсы бир тараптар уюштурду деп ынандыргылары келүүдө, бирок мен буга ишенбейм. Ар бир өлкөдөгү ыңкылап, көтөрүлүштөр бийликтин өз элине каршы, жосунсуз иш-аракеттеринен улам келип чыгат. Казакстандагы окуяларга чет элдик террорчулар же оппозиционерлердин тиешеси жок", - деп жазылат кайрылууда.

Атамбаев бийлик элди тоноп, репрессиялар менен муунтканда каршылык келип чыгарын белгилеген.

Ал өз мисалында күч түзүмдөрүнө бийлик ишеним артпай, көз карандысыз медиа, жөнөкөй элдин үнүн угууга чакырып, боордош казак элине сабыр тилеген.

Алмазбек Атамбаев 2011-жылдан 2017-жылга чейин Кыргызстандын президенти болгон. 2019-жылдан бери ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу камакта олтурат.

Казакстандагы нааразылык толкуну быйыл 2-январда Маңгыстау облусундагы жана Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер менен башталган. Кийин саясий өңүт алган акциялар Алматыда ири башаламандык менен коштолгон.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тополоң чыгаргандарды “эл аралык деңгээлде даярдыктан өткөн террорчулар” деп атап, эскертүүсүз ок атууга буйрук берген. Алматынын өзүндө эле “20 миңдей террорчу бар экенин” билдирген. Токаев Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан жардам сурап, уюмдун аскерлери Казакстанга кирип, кырдаал турукташкандан кийин кайра чыгып кетти.

Тополоңдо жалпы 227 адам өлгөнү аныкталды. 10 миңдей адам кармалганы кабарланган, 700дөй кылмыш иши козголду. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG