Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:56

Байгазы Матисаков Temirov LIVE жарыялаган иликтөөгө жооп берди


Байгазы Матисаков
Байгазы Матисаков

"Кыргыз Петролеум Компани" (КПК) мамлекеттик ишканасынын башчысы Байгазы Матисаков Temirov LIVE каналына жарыяланган иликтөөгө жооп берип, эч качан коррупцияга аралашпаганын айтты. Ал мындай пикирин 25-январда президенттин аппараты уюштурган пресс-тур учурунда билдирди.

Матисаковдун айтымында, "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасына караштуу "Кыргыз Петролеум Компани" мунайды кайра иштетүү менен гана алектенет. Журналисттик иликтөөдө сөз болгон “Регион Ойл” компаниясына кызмат көрсөтүп, алар алып келген мунайдан мазут чыгарып бергенин кошумчалады.

"Регион ойл" компаниясы 2021-жылы апрель айында "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасы менен келишим түзүп, биздин кызматтарды колдоно турган болушкан. Июнь айында алар мазут чыгарып кетишкен. Бизге каалаган компания нефть алып келип, кайра иштетип алса болот. Биз кылган кызматыбыз үчүн өз акыбызды алабыз. "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасы “Регион ойл” компаниясына бир литр дагы мазут саткан эмес. Мен Камчыбек Кыдыршаевичтен тарбия алгам. Бул жерде эч кандай коррупция жок. Бир уурулук менен, коррупциялык иштер менен алектенген болсом, жөн эле кетип калам", - деди Матисаков.

Temirov LIVE YouTube-каналы "Эки күндө 37 млн. сомду кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темада иликтөөсүн жарыялаган.

Жаңы иликтөөдө "Кыргыз Петролеум Компани" мамлекеттик ишканасы “Регион Ойл” деп аталган компанияга мазут сатканы айтылат. Жеке компания мазутту сыртка экспорттоп, эки күндүн ичинде 37 млн. сом тапкан.

Иликтөөнүн авторлору “Регион Ойл” компаниясынын ээси Назгүл Айдарова УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир туугандарына таандык "Жалал-Абад нефтти кайра иштетүүчү заводунда" эсепчи болуп иштегенин далилдеген.

Ал эми "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасын башкарган Байгазы Матисаков Камчыбек Ташиевдин бир тууган жээни болуп эсептелет. Мындан улам журналисттер бул жерде кызыкчылыктар кагылышы болуп жатканын айтып чыгышкан.

Иликтөө жарыялангандан кийин, Temirov Live ютуб каналынын негиздөөчүсү Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция 22-январдын кечинде кармап кеткен. Алар баңгизатты мыйзамсыз сактоого айыпталууда.

Журналисттер, активисттер жана акындар 23-январда чогулуп, аларды бошотуу талабын коюшкандан кийин экөө үй камагына чыккан. Журналист менен акын коюлган айыптарды четке кагып, бул окуяларды УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин ысымы аталган иликтөө менен байланыштырып келишет. Ташиев болсо иликтөөдө айтылган айыптарды четке каккан. (AiB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG