Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:09

Орусияда COVID-19га кабылгандардын саны кескин өсүүдө


"Тез жардамдын" дарыгерлери коронавируска чалдыккан бейтап менен. Санкт-Петербург шаары. 25-январь, 2022-жыл
"Тез жардамдын" дарыгерлери коронавируска чалдыккан бейтап менен. Санкт-Петербург шаары. 25-январь, 2022-жыл

Орусияда алтынчы күн катары менен COVID-19га кабылгандардын көрсөткүчү эң жогорку чекке жетип жатат. 26-январда эртең менен бир күндө 72 миң 692 жаңы учур катталганын инфекция менен күрөшкөн штаб маалымдады. Бул алдыңкы күнгө караганда 7 миң кишиге көп.

Соңку 24 саатта расмий сандарга караганда, коронавирусту жугузуп алган 627 бейтап көз жумду. Буга чейин штаб ооруканаларга жаткырылгандар да көбөйгөнүн билдирген. Вирустун эң көп учуру башкалаа Москвада катталды. Шаардын Саламаттык сактоо департаменти балдар арасында инфекция жугузгандар мурда болуп көрбөгөндөй көп болуп жатканын кабарлады.

Соңку эки жумада COVID-19га чалдыккан балдардын саны 14 эсеге өстү. Ооруканаларга түшкөндөр да көп болууда. Адистер эпидемиянын жайылышын буга чейин ооруп айыккан жана эмделгендерге да жуккан "омикрон" штаммына байланыштырышат.

Ал тапта кеминде 40 өлкөдө, өзгөчө Азия менен Европада "омикрондун" жаңы мутациясы табылганы тууралуу маалымат тарады. Илимпоздордун айтымында, азырынча анын канчалык оор кесепеттерге алып келери же вакциналарга карата таасири белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG