Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:40

Британ элчиси сөз эркиндигин коргоо зарылдыгын белгиледи


Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гаррет.
Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гаррет.

Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гаррет акыркы күндөрү медиа өкүлдөрүнө болуп жаткан кысым тууралуу пикирин билдирди. Ал "Твиттердеги" баракчасына европалык инвесторлор акыркы окуялардан катуу тынчсызданып жатканын жазып, алардын суроолоруна айкын жооп талап кылынат деди.

"Кыргызстан эгемендүүлүк жылдардан бери демократияны, укук үстөмдүгүн чыңдоо жана коррупция менен күрөшүү аракети тууралуу айтып келе жатат. Кыргызстандын медиа тармагы ачыктыгы жана жогорку сапаты үчүн татыктуу мактоолорго ээ болуп келүүдө Өлкө "Чек арасыз кабарчылардын" басма сөз ачыктыгы боюнча рейтингинде 79-орунда туруп, Евробиримдиктин үч өлкөсүнөн алдыда. Орусия, Кытай, Борбор Азиянын башка мамлекеттеринен озуп чыккан. Сөз эркиндиги – Кыргызстан элинин баалуулугу жана ал өлкөнүн социалдык-экономикалык өсүшүнө зор салым кошкондугу үчүн коргоого, колдоого жана өнүктүрүүгө татыктуу”, - деп жазган британ элчиси.

22-январдын кечинде журналист Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция кармап кеткен. ИИМдин маалыматына караганда, баңгизатка байланыштуу кылмыш иши козголуп, экөө тең шектүү катары өткөн. Журналисттер жана активисттер, акындар 23-январда чогулуп, аларды бошотуу талабын койгондон кийин экөө тең үй камагына чыкты.

Андан кийин Темиров жана анын командасында иштегендердин жеке жашоосу тууралуу автору белгисиз видеолор тараган. Коомчулукта аны “адамдын жеке жашоосуна кийлигишүү”, “ыплас ыкма”, журналисттерди коркутуу” деген сындар айтылган. Бул видеолордун артында атайын кызмат, укук коргоо органдары турат деген да пикирлер бар. УКМК бул видеолорго атайын кызматтын тиешеси жок экенин 26-январда билдирди. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG