Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Лавров Батыш Москванын талаптарына жооп кайтарбаса, “тиешелүү чаралар” көрүлөрүн эскертти


Сергей Лавров
Сергей Лавров

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Батыш Москванын талаптарына жооп кайтарбаса, “тиешелүү чаралар” көрүлөрүн кайталады.

Украинага басып кирүү планы жоктугун айтып келаткан Кремл "НАТО чыгышка, асыресе Украинага карай кеңейбейт" деген кепилдик берилсе гана аскерлерин чек арадан алып кетерин айтып, шарт койгон.

“Биз конструктивдүү жооп албасак, Батыш агрессивдүү курсунан тайбаса, анда Москва президентибиз буга чейин бир нече жолу айткандай, жооп иретинде тиешелүү чара көрөт”, - деп айтты министр шаршембиде Мамлекеттик думада.

Ал арада НАТО жана Вашингтон Орусиянын Европадагы коопсуздукка байланышкан камтамачылыгына жооп даярдап жатканы белгилүү болду.

Түндүк альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг документ аптанын аягында жөнөтүлөрүн билдирди. Столтенберг НАТО жана Батыш өлкөлөрү Европадагы коопсуздукка тиешелүү көйгөйлөрдү сүйлөшүүлөр үстөлүнө отуруп талкуулоого даяр экенин 25-январда CNN каналына берген интервьюсунда айткан.

Лавров Москва Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү каалабасын, өз талаптары боюнча талкууга Еврошаркеттин жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) тартылышы аны ого бетер татаалдаштырарын билдирди.

Украиннын тышкы иштер министри Дмитро Кулеба ушул эле күнү Киевдин Вашингтон Москвага жөнөтө турган жоопторго каршылыгы жоктугун айтты. Министр Орусия Украинада дүрбөлөң салууга аракеттенүүдө деп кошумчалады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG