Футзал: Дүйшөмбүдө кыргыз кыз-келиндер курамасы коло байге утту

Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер курама командасы. Дүйшөмбү шаары, Тажикстан. 28-январь, 2022-жыл.

Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер курама командасы Дүйшөмбү шаарында өткөн CAFA Women’s Futsal Championship эл аралык мелдешинде үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол уюму билдирди.

CAFA Women’s Futsal Championship эл аралык мелдеши 21-январда башталган. Мелдешке Иран, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын курама командалары катышты.

Мелдеш айлампа иретинде өтүп, ар бир команда алтыдан беттеш өткөрдү. Кыргызстан курама командасы алгачкы оюнда (21-январда) Тажикстандын курама командасы менен беттешип 1:1 эсеби менен тең чыкса, 27-январдагы жооптук беттеште 4:1 эсеби менен утуп алды.

Кыргызстан жана Тажикстан курама командаларынын беттеши. 27-январь, 2022-жыл.

Иран курама командасы менен болгон эки оюнда тең Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы ири эсепте (10:0, 5:0) жеңилди. Өзбекстандын кыз-келиндер курама командасы менен болгон эки беттеште команда 11:0, 10:0 эсебинде жеңилди.

Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандык курама командасы коло байгенин ээси болду. Биринчи орунду Ирандын, экинчи орунду Өзбекстандын кыз-келиндер курама командалары ээледи.(GT)

Дагы караңыз

Орусия Сириядагы чет элдик күчтөрдү чыгарып кетүүнү талап кылдыБеларуста камалган саясий туткундардын саны миңден аштыTemirov LIVE каналынын кызматкерлери милицияга сурак берип чыктыИндия жана Борбор Азия лидерлери онлайн саммит өткөрүштү