Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Беларуста камалган саясий туткундардын саны миңден ашты


Беларуста кармалган саясий туткундар.
Беларуста кармалган саясий туткундар.

Бир жылдан бери саясий кырдаалга байланыштуу Беларуста камалган саясий туткундардын саны миңден ашты. Бул тууралуу ушул өлкөнүн жарандарынан куралган эл аралык "Весна" укук коргоо борбору кабарлады.

Жаңыланган тизмеге Александр Лукашенкону жана бийликтин башка өкүлдөрүн кемсинткени үчүн камалган тогуз адам кирди. Үч адам кастыкты козутуу беренеси менен соттолгон.

Укук коргоо уюму саясий туткундарды куугунтуктоону токтотууну жана бошотууну талап кылды.

Беларуста 2020-жылкы шайлоону 26 жылдан бери бийликте келаткан автократ жетекчи Александр Лукашенко жеңгенин Борбордук шайлоо комиссиясы билдирген. Добуш берүүнүн бурмаланганына каршы чыккан элдин нааразылык акциялары күч менен басылып, куугунтук азыркыга чейин уланып келет. Миңден ашуун кылмыш иши козголуп, ондогон адамдар, алардын ичинде оппозиция лидерлери көп жылга камалган.

Батыш шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес жана беларус бийлигине каршы санкция салып, Лукашенкону өлкөнүн легитимсиз жетекчиси катары баалап келет. Оппозиция лидерлеринин айрымдары кармалса, башкалары чет өлкөлөрдө баш калкалап жүрөт. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG