Германияда RT каналынын немис тилиндеги берүүлөрүнө тыюу салынды

RT каналынын логосу

Германиянын маалымат каражаттарды тескеген агенттиги немис тилинде чыккан RT DE каналынын берүүлөрүнө тыюу салды. Мурда Russia Today деп аталган орусиялык мамлекеттик телеканалдын лицензиясы жок болгону үчүн ушундай чечим кабыл алынганын мекеме билдирди.

Маалыматка караганда, эми алар спутник, интернет жана мобилдик тиркеме аркылуу чыга алышпайт. RT бул чечимди сотто талашарын, Москвадагы студиядан немис тилиндеги берүүлөрдү даярдоону уланта беришерин "Телеграм-каналына" жазды.

Канал немис тилинде былтыр 16-декабрда Сербияда берилген лицензиянын негизинде 24 саат обого чыга баштаган. Маалымат каражаты ошондо Европа мыйзамдары ага жол берерин айткан. Германияда чет өлкөлүк мамлекеттик телеканалдарга лицензия берүүгө тыюу салынган.

Былтыр декабрда немис агенттиги каналды спутник аркылуу чыгарбоо чечимин кабыл алганда Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Москва тиешелүү жооп кайтарарын эскерткен.

Дагы караңыз

Батыштын Москвага жообу деген купуя каттын көчүрмөсү жарыяландыЖанар Акаев саясатчыларды чек ара маселесинен упай топтобоого чакырдыТополоң курмандыгы: Жазыксыз окко учкан Ерназар Украина-Орусия кризиси: Британия арачы түштүЖогорку Кеңеш №39 протоколду талкуулады