Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:33

Жанар Акаев саясатчыларды чек ара маселесинен упай топтобоого чакырды


Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев чек ара маселесинде коомчулукту, саясатчыларды бир пикирде болууга чакырды. Ал мындай оюн "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүнө катышкан учурда билдирди.

"Протокол азыр эч кандай күчкө ээ эмес. Күчүнө кирбейт. Ал жерде бардык талаштуу тилкелер такталып бүткөнгө чейин деп так жазылып турат. Бирок ошондон кийин дагы эл каршы чыкса, ратификация деген бар. Саясатчыларга айтат элем, элди тукуруп, "Лейлек анклавда калат" деп кыйкыргандар элге күйгөн болуп, калганыбыз кошуна мамлекетке күйөт белек? Алар кандай күйсө, биз андан кем эмес күйөбүз".

Жогорку Кеңеш 2-февралдагы жыйынында чек ара маселесин жабык карады. Анда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев баштаган жетекчилер маалымат берди.

Мунун алдында бир катар депутаттар атайын кызматтын жетекчисинен коомчулукта талкуу жараткан, Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавына жол куруу тууралуу жазылган №39 протокол жөнүндө түшүндүрмө беришин талап кылышкан.

Буга чейин Камчыбек Ташиев Ворух анклавына жол курууга уруксат берүү маселеси жакынкы күндөрү кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясында караларын билдирген.

Былтыр май айында эки тараптуу сүйлөшүүнүн натыйжасында кол коюлган №39 протоколдо тараптар Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду биргелешип курууну макулдашканын Тажикстан тарап расмий кабарлаган. Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтөрү айтылган автожолду тажик тарап колдонот жана анын абалын карап туруу милдетин өзүнө алат.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги мындай чечим тажик жарандарынын жана алардын автоунааларынын тоскоолдуксуз кыймылын камсыз кылуу үчүн кабыл алынганын билдирген. Бул жолдун курулушу Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын тактоо иштери жыйынтыкталганга чейин башталышы керек.

Ал эми кыргыз бийлиги протоколго ылайык, Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жол куруларын ырастаган. Бирок бул Ворухка коридор берилди дегенди түшүндүрбөй турганын, жер да, жол да кыргыз тараптыкы болорун, болгону тажик жарандарына ал жол менен каттоого уруксат берилерин маалымдаган.

Баткенде 27-январда кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал тынчыган. Кыргызстандын Чек ара кызматы мындан көп өтпөй эле тажик тарап башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атканын билдирген.

Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атаган, тажик тарап Кыргызстанды айыптаган.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны мерт болуп, дагы 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жайкын тургун экенин жазган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG