Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаты Адам Делимханов укук коргоочу, Кыйноолорго каршы комитеттин мурдагы адвокаты Абубакар Янгулбаевдин үй-бүлө мүчөлөрүн "мууздап саларын" айтты.
Анын чечен тилиндеги кайрылуусу "Инстаграмга" түз чыкты. Депутат анын сөзүн орусчага которгон кишилердин да көзүн тазаларын айтып коркуткан.
Мамлекеттик думадагы айрым эл өкүлдөрү Делимхановдун коркутууларын Башкы прокуратура текшериши керектигин айтышууда.
Ибрагим жана Абубакар Янгулбаевдер, атасы, отставкадагы федералдык судья Сайди жана алардын карындашы чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болгон. Энесин Нижний Новгороддон күч менен Чеченстанга алып барышкан.
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров башпаанек берген өлкөлөрдү аларды Орусияга өткөрүүгө чакырган. Буга чейин Кадыров дагы Янгулбаевдерди опузалаган.
Чечен бийлиги ага-ини Янгулбаевдерди оппозициялык "Телеграм-каналды" түптөгөндөрдүн бири деп эсептейт.