Анжияндагы ооруканада газ жарылып кеминде бир адам каза тапты

Газ жыралган оорукана.

Анжиян облусунун Шахрихан районундагы ооруканада 11-февралда газ жарылып кеминде бир адам каза тапты. Окуя Каракөрпө айылындагы жеке менчик медициналык пунктта болгон.

Күбөлөрдүн “Азаттыктын” өзбек кызматына билдиришинче, үч кабаттуу “Зитерия” деп аталган диагностикалык жана дарылоо бейтапканасынын биринчи кабатында газ жарылып, имараттын дубалдары урап түшкөн.

Жарылуунун үнү бир канча чакырым алыска чейин угулган.

Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарылуу газдан улам болгонун билдирди. Башкы прокуратуранын маалымдашынча, кеминде 11 киши жаракат алган. Окуя боюнча кылмыш иши козголду.

Ооруканада иштегендерди бири 56 жаштагы бейтап аял набыт болгонун айтты.

Дагы караңыз

Кыргызстандагы башкаруу: эркиндик жана жоопкерчилик Бөрүбашев: Биз мыйзамдуулукка жете элекпизМинистр Бейшеналиев Исманкуловдун клиникасы имаратты бошотушу керек экенин айтты