Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:12

Министр Бейшеналиев Исманкуловдун клиникасы имаратты бошотушу керек экенин айтты


Алмаз Исманкулов
Алмаз Исманкулов

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев №6 Бишкек шаардык ооруканасынын экинчи корпусунда жайгашкан Алмаз Исманкуловдун менчик медициналык борбору чыгарылып, коронавирусту дарылоочу аймак болоорун билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Бейшеналиев НТС телеканалына берген маегинде аталган медициналык борборго имаратты бошотууга бир күн убакыт берилерин билдирген.

"1998-жылы ижарага алган экен. Исманкулов андан кийин ижараны узартканы боюнча мэрия менен соттошсун. Ал эми мага министр катары орундар керек", - деди Бейшеналиев.

Азырынча дарыгер Алмаз Исманкуловдун ооруканасынын жетекчилиги менен байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 10-февралда Бишкектеги №2 клиникалык көп профилдүү ооруканага барып, коронавирус менен дарыланып жаткандардын абалы менен таанышкан. Бейшеналиевге оорукана жетекчилиги коронавирустан улам башка бейтаптарга орун жетпей жатканын маалымдаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG