Коронавирустан үч киши каза болуп, 46 адамдан жаңы аныкталды

Иллюстрация сүрөт.

Соңку бир суткада (14-февралга карата) Кыргызстанда коронавирус 46 адамдан жаңы аныкталды. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында – 31 киши.

Саламаттык сактоо министрлиги вирустан дагы үч бейтап каза болгонун билдирди. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 200 миңден ашты, 2930 адам каза болуп, 192 миңден көп киши сакайып чыкты.

3-февралда Коронавируска каршы күрөшүү штабынын жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов Кыргызстан вирустун төртүнчү толкунунун чегинен өткөнүн айткан. (КЕ)

Дагы караңыз

Зеленский менен Байден телефондон сүйлөшөтБир нече өлкө жарандарын Украинадан чыгып кетүүгө чакырды Орбан Венгриянын Евробиримдиктен чыгышы ыктымалдыгын кыйыттыАлматыда Январь окуяларынын курмандыктарын эскерген митинг өттү