Орусиялык спортчу Валиевага Олимпиадага катышууга уруксат берилди

Камила Валиева.

Спорттук арбитраждык сот (CAS) орусиялык көркөм муз тебүүчү Камила Валиеванын Бээжиндеги Кышкы Олимпиада оюндарына катышуусуна уруксат берди.

Мекеменин 14-февралдагы билдирүүсүндө 15 жаштагы спортчуну иликтөөнүн толук жыйынтыгы чыкканга чейин оюндан четтетүү туура эмес деп табылганы маалымдалат. Мындай чечимге ошондой эле ал жашы жете элек болгону, чара көрүлсө машыктыруучуларга, дарыгерлерге жана аны менен иштеген башка чоң кишилерге каршы кабыл алынышы керектиги белгиленген.

Мунун алдында Эл аралык тест агенттиги Валиеванын былтыр 25-декабрда тапшырган допинг-анализинде тыюу салынган триметазидин препараты табылганын бышыктаган.

8-февралда Эл аралык допинг агенттигинин (WADA) Стокголмдогу лабораториясы орусиялык спортчунун тестинде тыюу салынган триметазидин бар болуп чыкканын билдирген. Ошондон кийин ал Орусиянын агенттиги (РУСАДА) тарабынан шарттуу түрдө мелдештерден четтетилген. Валиева ал чечимди дисциплинардык комитетте талашып, жарышка даярдануу уруксаты берилген.

Ал эми Орусиянын командалык мелдештеги жеңиши боюнча чечим Эл аралык Олмипиада комитетинин апелляциясы каралгандан кийин кабыл алынмакчы. Валиева бир нече мекендеши менен анда алтын медал уткан.

Кытайдын Бээжин шаарында Кышкы Олимпиада-2022 оюндары 4-февралда ачылган. Ал 20-февралга чейин уланат. Олимпиадада спорттун 15 дисциплинасы боюнча 109 комплект медал ойнотулат. Көркөм муз тебүү боюнча кыз-келиндер арасындагы жарыш 15-февралда башталары айтылган. (ErN)

Дагы караңыз

Кыргыз-казак чек арасында кармалган Сыймык Өмүрбек уулу жакын арада бошотулары айтылдыМинистр Жаныбеков: 309-токтомдун пайдасын мезгил далилдейтЖазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгы белгиленет