Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:46

Кыргыз-казак чек арасында кармалган Сыймык Өмүрбек уулу жакын арада бошотулары айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-казак чек арасынан казак чек арачылары кармап кеткен кыргызстандык студент Сыймык Өмүрбек уулу жакын арада бошотулат. Казак тарап менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ушундай чечим кабыл алынганын 14-февралда Кыргызстандын Акыйкатчысынын аппарат башчысы Аскат Азарбеков билдирди:

“Ал “Чек арадан мыйзамсыз өткөн, жанында курал-жарагы бар” деген кине менен кармалган. Тийиштүү сүйлөшүүлөр болду. Айыппул төлөп, Казакстандан чыгаруу маселесин сүйлөштүк. Жакын арада чыгарылат”.

22 жаштагы Сыймык Өмүрбек уулу 10-январда кармалган. Апасы Чынара Тамаева окуя Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра жайлоосунда болгонун, уулу мал издеп жүрүп коңшу өлкөнүн чек арасына кокусунан өтүп кеткенин айтып, президент Садыр Жапаровдон жардам сураган. Анын маселеси парламентте да эки жолу көтөрүлгөн.

Жогорку Кеңеш 2002-жылы Үзөңгү-Кууш тилкесин Кытайга, ал эми 2008-жылы Каркыра жайлоосунун бир бөлүгүн Казакстанга өткөрүп берүү тууралуу келишимдерди ратификациялаган жана бул коомчулукта чоң талкуу, нааразылык жараткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG