Германиянын өкмөтү Украинага 1000 танктарга каршы курал жана 500 «Стингер» деп аталган зениттик ракета жеткирерин билдирди.
Буга чейин Берлин Украинага курал-жабдык жеткирүүдөн баш тартып келген.
«Биз Путиндин армиясынан коргонууда Украинаны колдоо үчүн колубуздан келгенин жасоого милдеттүбүз»-деп жазды Германиянын канцлери Олаф Шольц.
Der russische Überfall markiert eine Zeitenwende. Es ist unsere Pflicht, die Ukraine nach Kräften zu unterstützen bei der Verteidigung gegen die Invasionsarmee von #Putin. Deshalb liefern wir 1000 Panzerabwehrwaffen und 500 Stinger-Raketen an unsere Freunde in der #Ukraine.
— Bundeskanzler Olaf Scholz (@Bundeskanzler) February 26, 2022
Украинанын президенти Владимир Зеленский немис өкмөтүнүн чечимин кубаттады.
Буга чейин Польшанын өкмөт башчысы Матеуш Моравецкий айрым Батыш мамлекеттерин, анын ичинде Германияны Орусияга каршы «болуп көрбөгөндөй» санкцияларды салбай жатканы үчүн айыптаган. Ал ошондой эле Германия Украинага курал бербей жатканын да сынга алган.
Бир катар мамлекеттер Украинага коргонуучу аскердик техника жеткирип, Москвага каршы экономикалык санкцияларды салышты. Алар санкцияларды дагы катаалдатууну убада кылып жатышат.
Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. Үч күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда.
Украинанын cаламаттык сактоо министри Виктор Ляшко “Фейсбуктагы” баракчасына Орусиянын аскердик кол салуусунан 198 украиналык каза болгонун, алардын үчөө жаш балдар экенин жазды. Ага чейин украин бийлиги 137 аскери курман болгонун маалымдаган. Орусия өлгөн же жараат алган аскерлери тууралуу эч кандай маалымат бере элек.