Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:38

АКШ менен Канада Путинге жана Лавровго санкция салды


Орус президенти Владимир Путин жана тышкы иштер министр Сергей Лавров.
Орус президенти Владимир Путин жана тышкы иштер министр Сергей Лавров.

АКШ менен Канада Орусиянын президенти Владимир Путинге жана тышкы иштер министри Сергей Лавровго санкция салууну чечти.

Вашингтондун мындай чечимин Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки 25-февралда жарыялап, санкциянын алкагында Путин менен Лавровдун чет өлкөлөргө сапарларына чектөө коюларын ишарат кылды. Санкциянын чоо-жайы жакынкы сааттарда белгилүү болмокчу.

Канада Путин менен Лавровго санкция салганын өлкөнүн премьер-министри Жастин Трюдо жарыялап, расмий Оттава Орусияны SWIFT аттуу банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системадан ажыратуу демилгесин да колдой турганын айтты.

Буга чейин Евробиримдик жана Улуу Британия Орусиянын президентин жана башкы дипломатын “кара тизмеге” киргизүү чечимин кабыл алган. Мындай чарага Москванын Украинага кол салганы себеп болду.

Орусия 24-февралда Донбасста "атайын аскердик операция уюштуруу" деген жүйө менен Украинага чабуул койгон. Андан бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда.

Москва Украинанын “демилитаризациясын" көздөй турганын, Киевдин НАТОго мүчө болушуна каршы экенин билдирип жатат. Украин бийлиги Орусиянын кол салышын ачык эле согуш деп мүнөздөөдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG