Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:41

ЖМК: АКШ Путинге санкция салышы мүмкүн


Орусиянын президенти Владимир Путин, 24-февраль 2022-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин, 24-февраль 2022-жыл.

Комшо Штаттардагы бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) Вашингтон орус президенти Владимир Путинге санкция салышы мүмкүндүгүн билдирүүдө. New York Times гезити жазгандай, АКШ мындай чечимди жума күнү жарыялашы мүмкүн.

CNN телеканалы өз булактарына таянып билдиргендей, “кара тизмеге” Орусиянын Путинден башка жогорку расмий жетекчилери да киргизилиши ыктымал.

Эгер америкалык маалымат каражаттары жазгандар ырасталса, анда Путин Украинага кол салууга байланыштуу АКШ санкция салган Орусиянын эң жогорку расмий жетекчиси болуп калат.

Мунун алдында Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Орусиянын президенти Владимир Путин менен тышкы иштер министри Сергей Лавровдун активдерин камакка алууну макулдашкан.

Орусиянын Украинага чабуулу 24-февралдын таңынан бери уланууда. Куралдуу кагылышуулар баш калаа Киев баштаган бир катар шаарларда жүрүп жатат. Украинанын бийлиги кармаштын биринчи күнү 137 аскери мерт болгонун кабарлады, Орусия курмандыктар боюнча маалымат тарата элек. Киев 25-февраль, саат 15:00гө карата үч миңдей орус аскерин жок кылганын маалымдады. Москва муну ырастаган жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG