Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:47

Евробиримдик Путин менен Лавровду санкциялык тизмеге киргизди


Сергей Лавров жана Владимир Путин.
Сергей Лавров жана Владимир Путин.

25-февралда Брюсселде Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Орусиянын президенти Владимир Путин менен тышкы иштер министри Сергей Лавровдун активдерин камакка алууну макулдашты.

Бул чара ЕБдин лидерлеринин ушул эле күнкү жыйынында кабыл алынган масштабдуу санкциялардын бир бөлүгү болуп калды.

Тышкы иштер министрлери бул чараларды Орусиянын Украинага чабуулуна жооп катары киргизди. Азырынча Путин менен Лавров мындан канчалык жабыр тартары белгисиз жана ал символикалык мүнөзгө гана ээ экени да маалым эмес.

Мунун алдында Европа Кеңеши Орусиянын уюмдагы мүчөлүгүн убактылуу токтотконун жарыялаган.

Орусия 24-февралда Донбасста "атайын аскердик операция уюштуруу" деген жүйө менен Украинага чабуул жасап, басып кирди. 25-февралда таңдан баштап орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда.

Украинанын бийлиги кармаштын биринчи күнү 137 аскери мерт болгонун кабарлады, Орусия курмандыктар боюнча маалымат тарата элек. Киев 25-февраль, саат 15:00гө карата үч миңдей орус аскерин жок кылганын маалымдады, Москва муну ырастаган жок.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын кол салышын ачык эле согуш деп атап жатат. Батыш өлкөлөрү жана НАТО, Евробиримдик да Москванын кадамын кескин айыптады. АКШ орусиялык бир катар банктарга чектөө киргизип, айрым аткаминерлеринин балдарынын активдерин камакка алган. Австралия, Жапония, Канада жана башка өлкөлөр да Орусияга каршы санкцияларды колдоду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG