Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:53

Путин украин аскерлерин бийликти колго алууга үндөдү


Владимир Путин
Владимир Путин

Орусиянын президенти Владимир Путин кайрадан видео кайрылуу таратып, украин аскерлерин төңкөрүш жасоого жана Киевде бийликти алууга үндөдү. Ал Украинанын азыркы бийлигин улутчул деп атап, аларга караганда армия менен тил табышуу жеңилирээк болорун маалымдады.

Мунун алдында Украинанын президенти Владимир Зеленский Путин менен сүйлөшүү баштоону сунуштаган. Орус президенти буга макулдук берип, диалогду Беларустун борбору Минск шаарында уюштурууну демилгелеген. Ага расмий Киев алгач макул болуп, кийин сүйлөшүүнү Варшавада өткөрүүнү талап кылган. Тараптар азырынча бир пикирге келише элек.

Орусия 24-февралда Донбасста "атайын аскердик операция уюштуруу" деген жүйө менен Украинага чабуул жасап, басып кирди. 25-февралда таңдан баштап орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда.

Украинанын бийлиги кармаштын биринчи күнү 137 аскери мерт болгонун кабарлады, Орусия курмандыктар боюнча маалымат тарата элек. Киев 25-февраль, саат 15:00гө карата үч миңдей орус аскерин жок кылганын маалымдады, Москва муну ырастаган жок.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын кол салышын ачык эле согуш деп атап жатат. Батыш өлкөлөрү жана НАТО, Евробиримдик да Москванын кадамын кескин айыптады. АКШ орусиялык бир катар банктарга чектөө киргизип, айрым аткаминерлеринин балдарынын активдерин камакка алган. Австралия, Жапония, Канада жана башка өлкөлөр да Орусияга каршы санкцияларды колдоду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG