Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:14

Кыргызстан Украинадагы жарандарын Венгрия аркылуу алып чыгат


Украинанын Киев шаарын коргоо учуру. 25-февраль, 2022-жыл.
Украинанын Киев шаарын коргоо учуру. 25-февраль, 2022-жыл.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Украинадагы кыргыз жарандарын Венгрия аркылуу (Будапешт - Стамбул - Бишкек) алып чыгып кетүү жолдорун иштеп чыкты. Бул тууралуу ТИМдин расмий билдирүүсүндө айтылат.

Эвакуациялоо үчүн кыргызстандыктар Украинага мыйзамдуу жол менен келген болушу керек жана жанында тиешелүү документтери болушу шарт. Мындан сырткары алар Венгрия аркылуу Кыргызстанга чыгып кетүү үчүн авиабилеттерди алуусу зарыл.

Кыргызстандын жарандары украин-венгр чек арасындагы “Чоп” өткөрмө бекетине өздөрүнүн эсебинен чогуу алып келинет. Венгриянын аймагында аларды аэропортко чейин Кыргызстандын Будапешттеги элчилигинин өкүлдөрү коштоп барат.

Бул мүмкүнчүлүктөн пайдалануу үчүн Кыргызстандын жарандары Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин консулу Эрмек Каныбековго байланышы керек. Анын номери +380997573413, +380442370347.

Кыргызстандын ТИМи учурда Украинанын бүткүл аймагында каршылашкан тараптардын ортосунда атышуулар жүрүп жатканын белгилеп, ары-берүү каттоодо жеке коопсуздукка коркунуч келиши мүмкүндүгүн эскертет. Ушуга байланыштуу элчилик кыргыз жарандарын эгер жашаган жери коопсуз болсо Украинанын аймагында кырдаал турукташканга чейин ошол жерде кала берүүнү сунуштайт.

Буга чейин Кыргызстандын Украинадагы элчилигине мекенине кайтууну каалаган 300 кыргызстандык кайрылганы айтылган.

ТИМдин маалыматында, Украинада ушул тапта 1357 кыргыз жараны бар, алардын 680и консулдук каттоодон өткөн. Мекеме учурда негизги максат кыргыз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу экенин белгилейт.

Орусия 24-февралда Донбасста "атайын аскердик операция уюштуруу" деген жүйө менен Украинага чабуул жасап, басып кирди. 25-февралда таңдан баштап орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда.

Украинанын бийлиги кармаштын биринчи күнү 137 аскери мерт болгонун кабарлады, Орусия курмандыктар боюнча маалымат тарата элек. Киев 25-февраль, саат 15:00гө карата үч миңдей орус аскерин жок кылганын маалымдады, Москва муну ырастаган жок.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын кол салышын ачык эле согуш деп атап жатат. Батыш өлкөлөрү жана НАТО, Евробиримдик да Москванын кадамын кескин айыптады. АКШ орусиялык бир катар банктарга чектөө киргизип, айрым аткаминерлеринин балдарынын активдерин камакка алган. Австралия, Жапония, Канада жана башка өлкөлөр да Орусияга каршы санкцияларды колдоду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG