Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:06

Зеленский Киевде экенин, эч жакка качпай турганын маалымдады


Владимир Зеленский тараткан видеодон алынган скриншот.
Владимир Зеленский тараткан видеодон алынган скриншот.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 25-февралдын кечинде өзүнүн телеграм-каналында Киевдеги президенттин кеңсесинде тартылган видеокайрылуу таратып, ал борбор шаарда экенин маалымдады.

Видеодон Зеленскийди, президенттин кеңсесинин башчысы Андрей Ермакты, “Эл кызматчысы” фракциясынын лидери Давид Арахамияны, премьер-министр Денис Шмыгалда жана президенттин кеңешчиси Михаил Подолякты көрүүгө болот.

“Биз Киевдебиз. Биз Украинаны коргоп жатабыз”,-деди анда Зеленский.

Мурдараак CNN телеканалы өз булактарына таянуу менен “Владимир Зеленский бункерге эвакуация болгонун” билдирген. Ал бункер кайда экени айтылган эмес.

Киевдин мэри Виталий Кличко орус аскерлеринин жакындап келишине байланыштуу борбор шаар коргонуу режимине өткөнүн билдирүүдө. Украинанын аскердик техникалары шаарды кайтарып турушат. Аскерлерден сырткары жергиликтүү тургундарга да курал-жарак таратылган.

Орусиянын Коргоо министрлиги буга чейин алардын аскерлери Киевге батыш тарабынан жана түндүк тарабынан кирип баратышканын кабарлаган.

Орусия 24-февралда Донбасста "атайын аскердик операция уюштуруу" деген жүйө менен Украинага чабуул жасап, басып кирди. 25-февралда таңдан баштап орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда.

Украинанын бийлиги кармаштын биринчи күнү 137 аскери мерт болгонун кабарлады, Орусия курмандыктар боюнча маалымат тарата элек. Киев 25-февраль, саат 15:00гө карата үч миңдей орус аскерин жок кылганын маалымдады, Москва муну ырастаган жок.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын кол салышын ачык эле согуш деп атап жатат. Батыш өлкөлөрү жана НАТО, Евробиримдик да Москванын кадамын кескин айыптады. АКШ орусиялык бир катар банктарга чектөө киргизип, айрым аткаминерлеринин балдарынын активдерин камакка алган. Австралия, Жапония, Канада жана башка өлкөлөр да Орусияга каршы санкцияларды колдоду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG