Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Түркиядагы мелдеште Медет кызы алтын, Жуманазарова күмүш байге алды


Стамбул, Түркия. 25-февраль, 2022-ж.
Стамбул, Түркия. 25-февраль, 2022-ж.

Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Yasar Dogu, Vehbi Emre & Hamit Kaplan эл аралык мелдешинде кыргызстандык балбан кыздар Айпери Медет кызы алтын, Мээрим Жуманазарова күмүш байге алды.

25-февралда кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Айпери Медет кызы финалда австриялык Мартина Куензди 6:4 эсебинде жеңди. Медет кызы финалга чейин үч атаандашын жеңген. Алгач орусиялыктар Кристина Шумованы 10:0, Екатерина Букинаны 5:3, кийин жарым финалда германиялык Франси Раедельтти 6:1 эсебинде уткан. Айпери Медет кызы 23 жашта. Ал былтыр кыз-келиндер күрөшүнөн чоңдор арасында Дүйнө чемпионатында коло, 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпиону болгон.

Айпери Медет кызы Yasar Dogu, Vehbi Emre & Hamit Kaplan эл аралык рейтингдик мелдешинин финалдык беттешинен кийин. 25-февраль, 2022-ж. Стамбул, Түркия.
Айпери Медет кызы Yasar Dogu, Vehbi Emre & Hamit Kaplan эл аралык рейтингдик мелдешинин финалдык беттешинен кийин. 25-февраль, 2022-ж. Стамбул, Түркия.

68 килограмм салмакта күрөшкөн Мээрим Жуманазарова жалпы үч беттеш өткөрдү. Алгач орусиялыктар - Татьяна Смолякты (4:0), жарым финалда Ханум Велиеваны (5:5) жеңди. Финалда нигериялык Блессин Оборудудуга 3:0 эсебинде жеңилип, күмүш байге алды. Жуманазарова буга чейин орусиялык Ханум Велиева менен үч жолу беттешип, үч жолу тең жеңген. Ал эми нигериялык Блессин Оборудуду менен 2-ирет беттешип, 2-жолу жеңилди.

Эки балбан кыз алгач былтыр Жапониянын Токио шаарында өткөн Олимп оюндарында чейрек финалда беттешип, ал таймашта оомат нигериялыктын пайдасына оогон. Мээрим Жуманазарова 23 жашта. Ал былтыр Олимп оюндарында кыз-келиндер күрөшүнөн коло байге алып, Дүйнө чемпионатында алтын, “АЛРОС Кубогу – Москва гран-приси” мелдешинде жеңүүчү болгон.

Бул мелдешке күрөштүн бул түрүнөн Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси Айсулуу Тыныбекова да катышып, алгачкы беттешинде бразилиялык Лайс Нунес де Оливейрага жеңилди.

24-февралда башталган грек-рим күрөшү, кыз-келиндер күрөшү жана эркин күрөш боюнча Yasar Dogu, Vehbi Emre & Hamit Kaplan эл аралык рейтингдик мелдеши 27-январга чейин уланат. 26-февралда эркин күрөш боюнча таймаштар башталат. Күрөштүн бул түрүнөн кыргызстандык 10 балбан күч сынашат. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG