Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:35

Украин президенти Зеленский түн оор болорун эскертти


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 25-февралдын жыйынтыгын чыгарган видео кайрылуусунда украин армиясы орус күчтөрүнө каршы бардык фронтто согушуп жатканын айтты. Ал бир канча шаарда кагылышуулар уланып жатканын, Орусиянын армиясы Украинанын жайкын тургундар жашаган аймактарына, анын ичинде бала бакчаларга да сокку уруп жатканын белгиледи. Буга чейин орус бийлиги жөн-жай тургундар бутага алынбаганын билдирген болчу.

“Бүгүнкү түнү алар чабуулга өтүшөт. Баарыбыз бизди эмне күтүп турганын түшүнүшүбүз керек. Түндөн аман-эсен чыгышыбыз зарыл. Учурда Украинанын тагдыры чечилип жатат. Ар бир жаран болушунча этият болушу керек. Бири-бириңерге жардам бергиле”, - деди Зеленский.

Ал украин эли Киевди колдон чыгарбашы керек экенин, жайкын тургундар атайын баш калкалоочу жайларга барышы зарылдыгын айтты. Ошондой эле ыктыярдуу кошуундардын катарына кошулган жарандарды орус күчтөрүн колдон келишинче токтотууга, алар жолго калтырып кеткен ар кыл белгилерди өчүрүүгө үндөдү.

“Түн оор болот. Абдан оор болот. Бирок таң атат”, - деди Зеленский.

Ал жума күнү Франциянын президенти Эммануэл Макрон, немис канцлери Олаф Шольц жана АКШнын президенти Жо Байден сыяктуу Батыш өлкөлөрүнүн бир катар лидерлери менен сүйлөшүп, Украинага көрсөтүлө турган жардам тууралуу макулдашканын кошумчалады. Ошондой эле Тбилиси шаарында Украинага тилектештик иретинде жүрүшкө чыккан жүздөгөн грузин жарандарына ыраазычылыгын айтты.

Орусиянын Украинага чабуулу 24-февралдын таңынан бери уланууда. Москва Украинанын “демилитаризациясын” талап кылып, бул өлкө НАТОго мүчө болбошу керек экенин билдирип жатат.

Украин бийлиги кармаштын биринчи күнү 137 аскери мерт болгонун кабарлады, Орусия курмандыктар боюнча маалымат тарата элек. Киев 25-февраль, саат 15:00гө карата үч миңдей орус аскерин жок кылганын маалымдады. Москва муну ырастай элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG