Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:09

НАТО ыкчам чара көрүүчү күчтөрүн активдештирет


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг.

НАТО Орусиянын Украинага кол салышына байланыштуу ыкчам чара көрүүчү күчтөрүнүн бир бөлүгүн биринчи жолу жамааттык коопсуздукту камсыз кылуу максатында Чыгыш Европадагы өз өнөктөштөрүнүн аймагына жөнөтөт. Бул тууралуу Түндүк атлантикалык альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг уюмдун 25-февралдагы жыйынынан кийин айтты.

Ал канча аскер жөнөтүлөрүн так белгилеген жок. Бирок “миңдеген” күчтөр жөнүндө сөз болуп жатканын ишарат кылды. Алардын арасында жөө аскерлер, деңиз жана аба күчтөрүндө кызмат өтөгөн жоокерлер бар.

НАТОнун саммитинин жыйынтыгында Орусиянын Украинадагы чабуулу соңку ондогон жылдардын ичинде чөлкөмдөгү коопсуздукка шек келтирген эң чоң коркунуч катары мүнөздөлдү.

АКШнын президенти Жо Байден НАТОнун ыкчам чара көрүүчү күчтөрүн активдештиргенин кубаттап, Москванын “Батышты бөлүп-жаруу аракети ишке ашпай калганын” билдирди.

Буга чейин Эстонияда, Литвада, Латвияда жана Польшада НАТОнун 5 миңдей аскери бар эле. Бирок соңку үч айдын ичинде Түндүк атлантикалык альянстын бул өлкөлөрдөгү аскерлеринин саны көбөйдү.

Орусиянын Украинага чабуулу 24-февралдын таңынан бери уланууда. Москва Украинанын “демилитаризациясын” талап кылып, бул өлкө НАТОго мүчө болбошу керек экенин билдирип жатат.

Ушул тапта куралдуу кагылышуулар баш калаа Киев баштаган бир катар шаарларда жүрүп жатат. Украинанын бийлиги кармаштын биринчи күнү 137 аскери мерт болгонун кабарлады, Орусия курмандыктар боюнча маалымат тарата элек. Киев 25-февраль, саат 15:00гө карата үч миңдей орус аскерин жок кылганын маалымдады. Москва муну ырастай элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG