COVID-19: эки бейтап каза болуп, оору дагы 20 адамдан аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 27-февралга карата коронавирус жуктуруп алгандардын расмий саны 200 миң 478ге жетти, оорудан 2956 адам көз жумду.

Ушул тушта ооруканаларда 190дой адам жатат жана алардын теңине жакыны оор абалда. Үйлөрүндө 700дөй адам дарыланууда.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 1,5 миллионго чукул адам алды, ал эми толук эмделгендердин саны бир миллиондон ашты.

Бустердик (үчүнчү) доза 110 миңден ашык адамга сайылды.

Дагы караңыз

Бишкектеги эки шайлоо округунда добуш берүү башталдыУкраина: АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен Киевге бардыБатыш айрым орусиялык банктарды SWIFT системасынан өчүрөт