COVID-19: бир бейтап каза болуп, 22 адамдан аныкталды

Кыргызстанда 28-февралга карата коронавирус жуктуруп алгандардын расмий саны 200 миң 500гө жетти, оорудан 2957 адам көз жумду.

Акыркы суткада коронавирустан бир бейтап каза таап, 22 адамдан аныкталды. Ушул тушта ооруканаларда 187 адам жатат жана алардын теңине жакыны оор абалда. Үйлөрүндө 620 адам дарыланууда.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 1,5 миллионго чукул адам алды, ал эми толук эмделгендердин саны бир миллиондон ашты.

Бустердик (үчүнчү) доза 110 миңден ашык адамга сайылды.

Дагы караңыз

Евробиримдик Украинага курал-жабдык сатып беретЕвробиримдик RT жана "Спутник" медиаларына тыюу салатТаңкы Азаттык (2-чыгарылыш)Таңкы Азаттык