Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

Евробиримдик RT жана "Спутник" медиаларына тыюу салат


Евробиримдик Орусиянын мамлекеттик RT (Russia Today) жана Sputnik маалымат каражаттарына шаркет аймагында өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салат.

Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен билдиргендей, бул каналдар "Кремлдин медиа-машиналары" катары саналат жана Евробиримдик алардын "зыяндуу жалган маалыматтарынын Европада жайылышына" тыюу салуу аракеттерин көрүп жатат.

"Бул маалымат каражаттары "Путинди актап, биримдиктин ынтымагын бүлүндүрүүгө багытталган жалган маалыматын жайылта албай калат", - деди фон дер Ляйен 27-февралда.

Ал ошондой эле Орусия Украинага кол салганы үчүн Москвага дагы жаңы санкциялар салынарын кошумчалады.

Жекшембиде Брюсселде өткөн жыйында Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери шаркеттин аба мейкиндигин орусиялык учактары үчүн жабуу чечимин кабыл алышты. Фон дер Ляйендин айтымында, санкциялар Орусиянын өнөктөшү Беларуска да киргизилет.

Орусия Украинага 24-февралдын таңында кол салган. Андан бери Украинанын бир катар аймактарында украин армиясы менен орус күчтөрүнүн ортосунда куралдуу кагылышуу жүрүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG