Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:16

Европанын шаарларында Украинаны колдогон акциялар өтүүдө


Берлинде жүрүшкө чыккандар. 27-февраль, 2022-жыл.
Берлинде жүрүшкө чыккандар. 27-февраль, 2022-жыл.

Европанын бир катар шаарларында Украинага тилектештик билдирген жана Орусиядан согушту токтотууну талап кылган акциялар өтүп жатат.

Жекшембиде Германиянын баш калаасы Берлинде чогулган миңдеген адамдардын көбү "Согушту токтот! Путинди токтот!", "Украинадан колуңду тарт!" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп турушту.

Ушундай эле акциялар Лондондо, Копенгагенде, Прагада, Стамбулда, Римде жана Подгорицада өттү.

Беларустун бир катар шаарларында Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга келген шайлоочулар да "Согушка жол жок!" деп ураан чакырышты. Орусиянын 30дай шаарында согушту айыптап чыккан жүздөгөн адамдарды полиция кармап кетти.

Орусия Украинага 24-февралдын таңында кол салган. Андан бери Украинанын бир катар аймактарында украин армиясы менен орус күчтөрүнүн ортосунда куралдуу кагылышуу жүрүп жатат. Жакынкы убакытта Украина менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүсү украин-беларус чек арасында өтөрү күтүлүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG