Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

Украина Орусияга каршы Эл аралык сотко кайрылды


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украина Орусияга каршы Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык сотуна кайрылды. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский 27-февралда билдирди.

"Агрессияны актоо максатында "геноцид" түшүнүгүн бурмалаганы үчүн Орусияны жоопко тартууну талап кылабыз. Соттон Орусияга аскердик аракеттерин тез арада токтотууга буйрук берүүнү жана соттук териштирүүнү кийинки аптада баштоону өтүнөбүз", - деп айтылат Зеленскийдин Твиттердеги билдирүүсүндө.

Анын алдында украин президенти Орусиянын армиясы Украинада жайкын тургундар жашаган аймактарга сокку уруп жатканын, мында "геноциддин белгилери" бар экенин билдирген.

Украин өкмөтүнүн 26-февралдагы маалыматына ылайык, Орусиянын кол салуусунан улам кеминде 198 украин жараны мерт болуп, миңден ашуун киши жараат алды. Бириккен Улуттар Уюму соңку төрт күн ичинде Украинадагы согушта кеминде 64 жайкын тургун мерт болгонун билдирди.

Бирок орус армиясы жайкын тургундар жашаган аймактарды бутага алганын четке кагып жатат.

"Орусиянын куралдуу күчтөрү шаарларга жана калктуу пункттарга сокку урган жок", - деп билдирди 27-февралда Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков.

Орусия Украинага чабуулун 24-февралдын таңында баштаган. Москва Украинанын “демилитаризациясын" көздөй турганын, Киевдин НАТОго мүчө болушуна каршы экенин билдирип жатат. Украин бийлиги Орусиянын кол салышын ачык эле согуш деп мүнөздөөдө.

XS
SM
MD
LG