Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:58

Орус аскерлери Харьковго кирип келгени кабарланууда


Үч күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун токтото элек.
Үч күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун токтото элек.

Бул тууралуу Украинадагы УНИАН маалымат агенттиги Харьков облусунун башчысы Олег Синегубовго шилтеме кылып жазды.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалыматты ырастай элек. Социалдык тармактарда орусиялык аскерлер Харьковго киргени тартылган деген видеолор тарай баштады.

Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. Үч күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун токтото элек.

Украинанын cаламаттык сактоо министри Виктор Ляшко “Фейсбуктагы” баракчасына Орусиянын аскердик кол салуусунан 198 украиналык каза болгонун, алардын үчөө жаш балдар экенин жазды. Ага чейин украин бийлиги 137 аскери курман болгонун маалымдаган.

Орусия өлгөн же жараат алган аскерлери тууралуу эч кандай маалымат бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG